Алихан Смаилов Иран президенти менен жолугушту

Алихан Смаилов Иран президенти менен жолугушту

Тегеранда Алихан Смаилов Иран Ислам Республикасынын Президенти менен жолугушту. Өкмөт башчысы Ибрагим Раисиге президент Касым-Жомарт Токаевдин саламын жеткирип, эки тараптын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү маселеси өлкөнүн күн тартибинде өзгөчө орунду ээлей турганын белгиледи. Эки өлкө соода-экономикалык, инвестициялык жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле маданий-гуманитардык багытта биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну талкуулашты. Маселен, быйылкы жылы Ирандын борборунда Казакстан-Иран жумушчу тобунун айыл чарбасы боюнча биринчи отурумун өткөрүү мерчемделген. Бул эки өлкөнүн агроөнөр жай комплекси тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет. Ошону менен бирге соода багытындагы иштерди күчөтүү максатында Казакстандын Ирандагы атайын соода өкүлүн дайындоо чечими кабыл алынды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков