Мажилис төрагасы баштаган казакстандык делегация Мароккого иш сапар менен барды. Ерлан Кошанов парламенттин эки палатасынын төрагалары Рашид Талби Аль-Алами жана Мухаммед Ульд Ар-Рашид, ошондой эле өлкөнүн өкмөт башчысы Азиз Аханнуш менен эки тараптуу, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулады. Мажилис спикери марокколук кесиптештерин мыйзам чыгаруу багытында тажрыйба алмашууга чакырып, Казакстандагы саясий реформалар жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле тараптар өз ара соода-сатыкты арттыруу, ортоңку коридорду өнүктүрүү, жасалма интеллектти киргизүү, ошондой эле айыл чарбасындагы, логистика, билим берүү жана туризм багыттарында өнөктөштүк аясын кеңейтүүгө ниеттерин билдиришти. Соода алаканы мындан ары да өнүктүрүү үчүн өз ара түз рейстерди ачуу маселеси каралууда. Эки өлкөнүн жарандары үчүн быйыл визасыз режим күчүнө кирди. Жолугушуунун алкагында жогорку деңгээлдеги сапарлар Казакстан менен Марокконун ортосундагы ишенимди бекемдеп, биргелешкен долбоорлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары белгиленди.
Ерлан Кошанов, парламент межлисинин төрагасы:
- Казакстандын президенти Касым-Жомарт Кемел уулу Токаев Марокко менен ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө маани берет. Эки тараптуу кызматташтыктын, эки өлкөнүн парламенттеринин ролу менен мааниси өзгөчө. Биз бул багыттагы ишти жандандырууга кызыкдарбыз. Марокко тарабынан да ушундай ниет бар экенин биз билебиз. Биз элдин өкүлү катары эки элдин тыгыз аралашуусуна, жакындашуусуна салым кошууга даярбыз. Айрыкча, өлкөлөрүбүздүн парламенттеринин арасындагы түзүлгөн достук топторунун да иштеринин орду өзгөчө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

