Астана экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү боюнча лидер аталды. Борбор калаада акыркы алты айда кичи жана орто бизнес 6,5%га көбөйүп, ишкердик жигердүүлүктүн өсүүсү байкалды. Жалпысынан бул тармакта 234 миңден ашык адам иштейт. Чакан жана орто бизнес экономиканын дээрлик бардык тармактарында көрсөтүлгөн. Оң динамика биринчи кезекте соодада байкалууда. Учурда жер-жерлерде 80 миңден ашык субъект иштейт. Өнөр жай жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо тармактары да жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү. Белгилей кетсек, жалпысынан борбор калаадагы чакан жана орто бизнестин үлүшү жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктын жарымын түзөт. Бул тармак жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча да биринчи орунда турат.
Куаныш Кадыр, Астана шаары акимчилигинин инвестициялар жана ишкердикти өнүктүрүү башкармалыгынын бөлүм башчысы
– Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында чакан жана орто ишканалар 3,3 триллион теңгеге өнүм өндүрүп, кызмат көрсөтүштү. Ал эми өткөн жылдын ичинде аталган сумма 14,7 триллион теңгеге жеткен. Бул абдан жакшы натыйжалар. Ошондой эле чакан жана орто бизнес тарабынан бюджетке салык төлөмдөрү жыл сайын өсүп жатканын белгилегим келет. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында бул көрсөткүч 1 триллион 235 миллиард теңгени түздү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков