Жаңы кесиптердин атласы

Жаңы кесиптердин атласы

Мисалы, Мангыстау облусунда «Жаңы кесиптердин атласы» иштелип чыкты. Азыр облуста суроо-талапка ээ адистер гана даярдалат. Буга байланыштуу орто кесиптик билим берүү мекемелеринин билим базасы жаңыланууда. Эмгек рыногунда маалыматтык технологияларды жакшы билген адистерге суроо-талап өсүүдө. Акыркы жылдары Каспийдин жээгинде курулган мейманканалардын, эс алуу жайларынын көбөйүшүнө байланыштуу администратор, ашпозчу, официанттар керек. Гидрогеология жана энергетика тармагында адистер дээрлик жокко эсе.

Акмерей Сарсенгалиев 3-курс студенти:

- Билимимди жогорулатып, IT компаниясын ачсам дейм. Мен 3-класстан бери графикалык дизайнга кызыгып, өзүм интернеттен фотошоп жана башка нерселерди үйрөнүп жүргөм. Ишке киргенде бул биз үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк деп ойлойм.

Жания Сармурзина, облусттук билим башкармасынын бөлүм башчысы:

- Мунай тармагы адистиктери боюнча кадрларды даярдоону толук токтоттук. Себеби, облусубузга кандай адистер керек болот, ошого жараша кадрларды даярдоону жүргүзөбүз. Быйыл биз киргизе турган жаңы адистиктер – робототехника, мехатроника жана маалыматтык коопсуздук системалары.

Которгон: Илгиз Жамалбеков