Жыл башынан бери 5
миңден ашык мамлекеттик грант жана 4 миң 700 жөнөкөйлөштүрүлгөн кичи насыялар
бизнес ачам деген казакстандыктарга берилди. Эмгек жана калкты социалдык жактан
коргоо министри элди жумуш менен камсыз кылуу боюнча маалымат берди. Светлана Жакыпованын
айтымында, быйыл 9 айда өлкөдө 734 миң адам жумуш менен камсыз болгон. Алардын
жарымы 35 жашка чейинки жаштар. Өкмөт башчы Алихан Смаилов жыл аягына чейин
жумуш менен камсыз болгон жарандардын санын 1 миллионго жеткирүү керектигин
жана бул Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы экенин дагы бир жолу
эскертти.
Алихан Смаилов,
Казакстандын Премьер-Министри:
- Бардык пландуу көрсөткүчтөр
калган 2,5 айда аткарылууга тийиш. Ар бир аймактын өзүнүн иш планы бар. Анда ар
бир региондогу эмгек рыногунун өзгөчөлүгү эске алынган. Ошого жараша
мамлекеттик колдоо чаралары каралган. Жаштарды ишке орноштурууга акимчиликтер
өзгөчө көңүл бурушу керек.
Энергетика,
мунай-газ комплекси, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, транспорт, логистика жана
IT тармактары дагы эле адистердин жетишсиздигин сезишет. Бул маселе өкмөттүн
жыйынында да көтөрүлдү. Премьер-министр келечекте мамлекеттик гранттардын
тизмесин түзүү кезинде жооптуу адамдарга аталган багыттар боюнча артыкчылык
берүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле, Өкмөт башчысы калкты иш менен камсыз
кылуу маселесин жеке инвесторлорду, ишкерлерди тартуу менен чечкен жакшы экенин
баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков