Негизги максат - дүйнөдөгү эң мыкты, эң беделдүү университеттер берген билимди ата мекендик студенттерге жеткиликтүү кылуу. Бул Нобель фестивалы аркылуу ишке ашаарын Эл аралык Нобель фестивалынын ачылыш аземинин уюштуруучусу Максат Курбенов билдирди. Баяндамачынын айтымында, быйыл 4-ирет уюштурулуп жаткан иш-чара 5 өлкөдө, анын ичинде Казакстанда 8 тилде өтүп жатат.
Максат Курбенов, Nobel Fest уюштуруучусу:
– Жалпысынан иш-чарага 100дөн ашык спикер катышат. 150 өлкөдөн 500 катышуучу онлайн режиминде катышат. Биз 5 өлкөдө 5 студия жайгаштырдык. Ал өлкөлөрдүн спикерлери дүйнө жүзү боюнча түз эфирге чыгып баяндама жасайт. Нобель фестивалы жөн гана фестиваль эмес. Биз, Гарварддын профессору, дүйнөдөгү эң мыкты 40 инноватордун биринин билим берүү программасын иштеп чыктык. Долбоор Казакстандагы жана чет өлкөдөгү ар бир студент үчүн жеткиликтүү. Бул инновация жана индустрия 4.0 дүйнөсүндөгү эң алдыңкы курс. Ал Экспоненциалдык инновация деп аталат.
Белгилей кетсек, Нобель фестивалынын негизги бөлүгү аяктагандан кийин чын куран айынын 18и 22си аралыгында Нобель лекцияларынын жумалыгы өтөт. Анда жергиликтүү студенттерге дүйнөдөгү эң абройлуу сыйлыктын 14 лауреаты, ошондой эле «Серпин» сыйлыгынын ээлери лекция окушат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков