Казакстанда блокчейн технологиялары боюнча 40 миңден ашык адис окутулат. Билим берүү демилгеси 22 ата мекендик жогорку окуу жайларын камтыйт. Долбоор пилоттук режимде ишке киргизилет. Академиялык кызматташуу боюнча меморандумга тиешелүү мекемелердин жетекчилери, Улуттук банктын жана Binance Kazakhstan өкүлдөрү кол коюшту. Биринчи этапта мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, андан кийин крипто индустриясы багытында кесипкөй кадрларды даярдоо пландалган. Белгилей кетсек, Казакстан жогорку жана жогорку окуу жайларына мамлекеттик деңгээлдеги билим берүү программасын киргизген дүйнөдөгү алгачкы мамлекет болот.
Саясат Нурбек, Илим жана жогорку билим берүү министри:
- Биз бир нече магистрдик программаларды ачууну пландап жатабыз. Биз биринчи кезекте финансы жана банк тармагына, келечекте Казакстандын башка тармактарына да адистерди даярдоону максат кылуудабыз. Бул айыл чарба жана ар кандай тармактар болушу мүмкүн. Мындан тышкары, социалдык тармак үчүн чоң дарамет бар. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат тармагында атайын социалдык жардамды тастыктоо, үстөк акыларды, жөлөк пулдарды төлөө, дипломдорду жана сертификаттарды алууну ырастоодо да жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ.
Которгон: Илгиз Жамалбеков