Казакстандык окуучу экологиялык тамак-аш өндүрүү боюнча долбоорду ойлоп тапты. Чакан ишканада 15 жаштагы Адам Михалков ден соолугуна кам көрбөгөн адамдар үчүн пайдалуу тамактарды жасайт. Бул кургатылган алма, алмурут, банан, даамдуу пастила. Мунун баары табигый витаминдерге бай. Мына ошондуктан бул өнүмдөр суроо-талапка ээ. Костанайлык ишкер бул тизмени жаңы өнүм түрлөрү менен кеңейтүүнү пландап жатат. Мындан ары ага жашылча-жемиштер кошулат. Азырынча Адам өзүнүн өнүмдөрүн интернет аркылуу сатат. Ал жакында ден-соолукка пайдалуу азык-түлүк дүкөндөрүнүн бирине, өз товарларын коюуну көздөөдө.
Адам Михалков, ишкер:
Дегидратор деп аталган өнүмдүн бул түрлөрүн иштеп чыгуучу атайын машина бар. Азырынча аны үйгө койдум. Ошондой эле жашылча-жемиштерди тууроого арналган бычактардын түрүн сатып алгам. Атайын тактайчалар бар. Алар 12 саат кургашы керек. Кийинчерээк даяр өнүмдү ороп сатам. Кээ бир балдар кадимки кытырактарды даярдоо жакшы деп кеңеш беришет. Менин демилгемди толук колдоп, жардамын аябаган адамдар айланамда абдан көп. Ошондуктан менин ишим оң экенине ишенем.
Адамдын жеке өзүнүн өндүрүшүн ачууга Костанай облусу акимчилигинин коомдук өнүктүрүү башкармасынын колдоосу менен коомдук фонд уюштурган стартап сынагында жетишкен ийгилиги түрткү болгон. Ал утуп алган каражатка өндүрүшкө керектүү жабдууларды сатып алган.
Абылайхан Какенов, Костанай облусу коомдук өнүктүрүү башкармасынын башчысынын орун басары:
Негизги максат өзүн-өзү өнүктүрүп, мобилдүү идеяларын ишке ашырууга даяр, жалпы коомго пайдалуу долбоорлору бар аймактын активдүү жаштарын тартуу болду. Бул жолу долбоорлор адаттагыдай жыл аягында эмес, орто ченинде каржыландырылды. Бул биринчи кезекте жылдын аягына чейин долбоордун аткарылышын көзөмөлдөө, анын жыйынтыгын көрүү жана керек болсо кошумча иш-чараларды координациялоо максатында жасалды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков