Археологдор неолит доорунун эстеликтерин изилдешүүдө

Археологдор неолит доорунун эстеликтерин изилдешүүдө

Казакстандык археологдор мындан он жыл мурун неолит дооруна таандык көрүстөндөрдү табышкан. Андан бери бул жерден көптөгөн баалуу экспонаттар табылды. Жумуш атайын система менен жүргүзүлөт. Алгач аянттары казылып, андан кийин баскыч-баскычы менен тазаланат. «Топурактын ар бир катмары маанилүү» дешет окумуштуулар. Анткени алардын ар бири жаңы тарыхый маалыматтардан кабар берет.

Елена Лялина, археолог:

- Бизде даяр аянт бар. Учурда дубалдарын түзүп да койдук. Биз аны этап-этабы менен арчып-тазалайбыз. Ал жердеги топурактын курамын көрдүк. Башкача айтканда, катмарлары ар башка. Ал жерде топурак кандайча топтолгону айкын көрүнүп турат. Экспонаттардын кайсы катмарынан табылып жатканын байкадык.

Павлодар облусунун Аккулу аймагындагы казуу иштеринде археологдор турмуш-тиричилик заттарын, эмгек куралдарын, жылкылардын жана бодо малдын сөөктөрүн табышты. Бул биздин заманга чейинки алтынчы миң жылдыкта адамдар жаныбарларды колго үйрөтүп, мал чарбачылыгы менен алектенгенин далилдейт. Буга катар аймактан декоративдик-колдонмо искусствосунун белгилери да табылды. Буга карапа идиштериндеги оймо-чиймелер күбө. Археолог Виктор Мерц бул экспонаттар Боборыкин маданиятына таандык деп болжолдойт.

Виктор Мерц, тарых илимдеринин кандидаты:

- Алтай аймагында кичинекей унаа токтоочу комплекстер бар, ал жерде биздин доорубузга окшогон карапа бар. Биз бул эстеликти алгач изилдей баштаганыбызда, бул карапа идиштерге көңүл бурдук жана ал Боборыкин маданияты менен окшош экендигин айттык. Эң алыс аналогдору Орусиянын чыгышындагы Тюмень облусу, болжол менен Екатеринбургдун жанынан чыккан. Анда бул Боборыкин карапасы табылды.

Бул аймакта археологиялык баалуулугу жогору бир нече эстеликтер бар, алар азырынча толук изилдене элек. Ошондуктан, изилдөө иштери дале болсо уланууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков