Жакынкы келечекте казакстандыктардын өрүшү
кеңейет. Казакстан өз жарандарына Сан-Марино менен эркин жүрүүгө уруксат
берүүнү көздөп жатат. Эки өлкөнүн өкмөттөрү визалык талаптардан өз ара бошотуу
жөнүндө келишим түзүүгө кызыкдар. Бул тууралуу “Ачык ченемдик-укуктук-актылар”
порталында жарыяланган документте белгилүү болду. Ага жараша эки тараптуу
сүйлөшүүлөргө шарт түзүлөт. Башкача айтканда, эки жактын жарандары алты ай
сайын саякаттап, өлкөдө 90 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Эгерде үч айдан ашык калууну пландап
жаткандар, өз өлкөсүнөн чыкпастан мурун виза алуу үчүн кайрылышы керек. Долбоор
Казакстан менен Сан-Марино ортосундагы кызматташтыкты арттырып, бардык түрдөгү
паспорттордун ээлери үчүн визасыз режимди орнотууга мүмкүндүк берет. Белгилей
кетсек, учурда Казакстан 26 мамлекет менен визасыз режимди киргизүү боюнча
сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Буга жетишкен мамлекеттердин арасында Австрия, Сауд
Арабия жана Бахрейн бар.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков