Астанада Индия маданияты жана өнөрү тааныштырылды

Астанада Индия маданияты жана өнөрү тааныштырылды

Индиянын байыркы кереметтеринен азыркы архитектурага чейинки искусство чыгармалары. Астанада Индия маданиятына арналган эл аралык көргөзмө өтүүдө. Президенттик борбордо ар кандай жанрдагы жана көркөм сүрөт искусствосунун 60тан ашык чыгармалар сунушталган. Эспонаттар Индиядагы эң ири музейлердин бири болгон Бихара фондунан алынып келинген. «Адамзат, эстеликтер жана жаратылыш жөнүндө триптих» көргөзмөсүнө келгендер 1 ай бою көрө алышат. Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында президенттик борбор менен Бихара музейинин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.


Мумита Хош, Бихара музейинин куратору:


- Музейибиздин ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыты маданият жана искусствону жайылтуу чөйрөсүндө кызматташтыкты жана өнөктөштүктү өнүктүрүү болуп саналат. Негизинен, бул көргөзмөнүн мааниси адамзаттын, эстеликтер жана жаратылыштын айкалышы. Ошондой эле, мурдагы замандагы сүрөттөрдү гана эмес, заманбап белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектерин да алып келдик. Эки заманды бириктирген экспонаттарды сунуштап жатабыз. Ал эми меморандумга келсек, бул кылкалем өнөрү менен жалпысынан искусствонун ортосундагы эки тараптуу байланышты жакшыртууга чоң мүмкүнчүлүк.

Которгон: Илгиз Жамалбеков