Бир дагы эл аралык кинофестиваль казакстандык фильмдерсиз, актерлорсуз, режиссерлорсуз өтпөйт. Фархат Шариповдун Схема тасмасы 27-Пусан кино сынагында Азиянын эң мыкты тасмасы наамы үчүн ат салышат. Калыстар тобу актриса Жанар Айжанованын да эмгегин жогору баалашты. Ал эң мыкты аялдын ролу үчүн эң мыкты беш талапкердин катарына кирди. Казакстандык актриса өзү белгилегендей, мындай беделдүү кинофорумга катышуу ал үчүн жеңиш.
Жанар Айжанова, ырчы, актриса:
- Кино тармагына жакында эле келдим, арадан 10 жыл өтө элек. 6-7 жылдын ичинде мени байкап, эң мыкты актрисалардын катарына кошкону менин түшүмө да кирчү эмес. Ийгиликтерим кайталанып, жаштарыбыздан ашып, фестивалдарда байгелүү орундарга жетишине тилектешмин.
Кинофестивалга дагы бир казак айымы – Дарина Манапова да катышууда. Анын катышуусу менен тартылган тасма көрсөтүлөт. Ал эми ата мекендик режиссёрдун тасмалары буга чейин белгилүү болсо да, Пусан киноакадемиясында окуу ал үчүн жаңы жетишкендиктерге жол.
Дарина Манапова, режиссёр:
- Бул жерде бир командада 10 адам тартып жатат, анда 4 режиссер 10 күн бою 1 кыска метраждуу тасма тартышат. Ага чейин бир ай даярдануу - алдын ала өндүрүш бар. Бул чындыгында уникалдуу программа, анткени, менин оюмча, Азияда мындай аналогу жок. Ал эми пикир алышууга, жогорку квалификациялуу адистер, насаатчылар менен сүйлөшүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар, алар биз менен күн сайын сүйлөшөт жана бул сейрек кездешет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков