Белгилүү «Абай» операсы Москвадагы чоң театр сахнасында
коюлду. Мухтар Ауэзовдун либреттосуна жазылган Ахмет Жубанов менен Латиф
Хамидинин чыгармасын «Астана Опера» аттуу опера труппасынын солисттери, хор
артисттери, балет жана симфониялык оркестрдин музыканттары аткарышты. Мындан 70
жыл мурун жазылган чыгармага негизделген спектакль махабат, жакшылык менен
жамандыктын күрөшү тууралуу баяндайт. Мындан тышкары, бул казак элинин бай
дүйнө таанымынын жана жашоо образынын, гениалдуу акындын өмүр жолун чеберчилик
менен сүрөттөгөн чыгармасы.
Джанкарло Дель Монако, «Абай» операсынын коюучу режиссеру,
Италия:
- «Абай» спектакли Орус, Италия жана башка өлкөлөрдүн
операларына такыр окшобойт. Өзгөчө, уникалдуу чыгарма. Бирок казак музыкасы
европалык жана орусиялык музыкалык салттардан анча алыс эмес. Айтайын дегеним,
казак тилинде опера коюу мен үчүн абдан баалуу тажрыйба болду.
«Абай» операсы Москвада алгачкы ирет 1958-жылы казак өнөрү
менен адабияты алкагында көрүүчүлөргө жол тарткан. 66 жылдан кийин чоң театр
сахнасында коюлду. Билеттерге аншлаг, жык толгон зал-көрүүчүнүн өзгөчө берилгендигин
айгинелеп турат.
Ольга Соболевская, Москва тургуну:
- Артисттердин кийими, музыкалык коштоосу, сахнанын
жасалгасы мени кубандырды. Бир спектаклде ушунча топтомдун болушу, аны узактан
бери алып келүү-бул чоң эмгек. Мага
абдан жакты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков