Астанадагы жаш окурмандарга Бозок шаарчасы тууралуу «Алихан менен Айгеримдин саякаты» аттуу алгачкы тарыхый комикс тааныштырылды. Бул Археология институту менен «Бозок» музей-коругу окумуштууларынын биргелешкен долбоору. Балдар басылмасынын жарык көрүүсүнө мугалимдер да катышты. Авторлор педагогдордун кеңеши тарыхый маалыматтарды жаш муундун аң-сезимине туура жеткирүүдө чоң жардам бергенин белгилешет. Китептин негизги сюжеттик идеясы орто кылымдык Бозок шаарындагы археологиялык казуулардын маалыматтарына негизделген. Комикстин тексти казак, орус жана англис тилдеринде жарык көрдү. Азырынча алгачкы версиясы 100 нускада чыгарылды. Учурда адистер комикстердин кийинки сериясын түзүүгө киришти.
Сауле Бурбаева, «Бозок» мамлекеттик тарыхый-маданий музей фондунун мүдүрү:
- Маданий саясаттын 2023-2029-жылдарга атайын бекитилген концепцияга ылайык, улуттук мүнөзү бар тарыхый комикстерге өзгөчө көңүл бурулду. Ошондуктан биз эски «Бозок» шаарчасы тууралуу бир нече сериядан турган тарыхый комикстерди жасоо чечимин кабыл алдык. Бул максатта биз жумушчу топко археологиялык илимпоздорду жалдадык. Мен бул идеяны өзүм ойлоп таптым. Аны жеткирүүдө окутуучулук мамиле керек болду.
Бакыт Хасенова, А.Х. Маргулан атындагы археология институтунун алдыңкы
илимий кызматкери:
- Татаал илимий
эмгектерди жазган изилдөөчүлөр болсок дагы, комикс кураштыруу оңой болгон жок.
Баарыбыздын балдарыбыз бар. Ошондуктан, биз баланын тилин алардын ойлоруна
ылайыкташтырууга аракет кылдык. Тарыхый маалыматтарды оңой жана түшүнүктүү
түрдө баяндоого басым жасалды. Жаш муун кызыгуучулук таанытат деп үмүттөнөбүз. Мындан
дагы мыкты көрүнүктүү археологиялык объектилер тууралуу долбоорлор болот. Айгерим
менен Алихандын саякаттары дагы деле уланууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

