Жамбыл облусунда энергия топтоо системасы бар шамал электр станциясы курулат

Жамбыл облусунда энергия топтоо системасы бар шамал электр станциясы курулат

Казакстанда дагы бир шамал электр станциясы курулат. Бүгүнкү күндө долбоору иштелип чыккан кайра жанма энергия булагынын курулушун кийинки жылы Жамбыл облусунда жүргүзүү пландаштырылган. Бул электр станциясынын болжолдуу кубаттуулугу 1 ГВт түзөт. Анда энергия топтоонун алдыңкы системасы орнотулмакчы. Ал өндүрүлгөн электр кубатынын ашыкчасын сактап, аны эң жогорку жүктөмө менен тармакка таратууга мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдөгү "жашыл" энергетиканын үлүшү жалпы энергиянын 6% ашат. 2030-жылга карай таза энергетиканын үлүшүн 15%, ал эми дагы 20 жылдан кийин 50% жеткирүү максат кылынууда. Республикада азыр бардыгы 156 альтернативдүү кубат булагынын объектиси иштейт. Бул жаатта Алматы, Жамбыл жана Акмоло облустары алдыда келе жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков