Президент Касым-Жомарт Токаев «Самрук-Казына» башкарма төрагасын кабыл алды. Нурлан Жакыпов акционердик коомдун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Акыркы жылдары киреше 13% түздү. Анын инвестициялык портфели толукталып келүүдө. Азыр топто 100 миллиард доллардан ашкан 130 долбоор бар. Быйыл 7 ири инвестициялык долбоорду аяктоо мерчемделип жатат. Бул катарда «Достык-Мойынты» участогунда экинчи темир жол линиясынын жана Алматы айланма темир жолунун курулушу, Актау портунда контейнердик хаб куруу бар. Ошондой эле ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо чаралары да колго алынган. Ишкерлер менен былтыр 1 триллион теңге келишимдер түзүлгөн. Офтейк-келишимдеринин саны 2023-жылга салыштырмалуу 10 эсеге көбөйдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

