Эгемендүү Казакстандын көзкарандысыз өнөрпоздору борбор калаада кайталангыс эмгектерин сунуштады. Көргөзмө «Zhailau» деген ат менен уюштурулду. Жаш сүрөтчүлөрдүн эркин ой-толгоосунан пайда болгон чыгармаларын борбор калаанын тургундары жана коноктору 1 ай бою көрө алышат. Экспозицияны иштеп чыгуучулардын айтымында, көргөзмөгө коюлган эмгектердин авторлору 60-жылдары атактуу болгон казак сүрөтчүлөрүнүн жолдоочулары. Себеби дал ошол жылдары ата мекендик сүрөт өнөрү жаңы багытта гүлдөп-өскөн эле.
Белгилей кетсек, көргөзмөгө Казакстандын бардык аймактарынан тандалган 50гө жакын эмгек коюлган.
Мадина Сергазина, көргөзмөнүн кураторы:
- Бул - казакстандык жаш сүрөтчүлөрдүн жамааттык көргөзмөсү. Биз аны «Zhailau» деп атап койдук. Эмне үчүн ушундай тандадык?! «Жай» сөзү түрк тилинен которгондо «жай мезгили» дегенди билдирет. Жай мезгили - бул күнөстүү мезгилдин туу чокусу болуп саналат. Мында жаш, бул иш менен жаңыдан алектенип баштаган сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган Жаш экендиктерине карабастан, алар бышып жетилген ышкыбоздор. Алардын так көз караштары бар. Биз тандоо жараянын өткөрдүк. Учурда бул жерде 11 сүрөтчүнүн эмгектери коюлган. Жалпысынан алар 60-жылдардагы демилгени улантып жатышкандай.
Которгон: Илгиз Жамалбеков