Гик-дүйнөсүнүн күйөрмандары Астанада чогулушат. Борбор
калаада комикстерге, кинематографияга, видео оюндарга, анимеге жана заманбап
популярдуу маданияттын башка багыттарына арналган эл аралык Comic Con фестивалы
өтөт. Бай программадагы иш-чаранын коноктору үч күн бою косплей сынагына
катышууга, сүйүктүү каармандары менен таанышууга, белгилүү блоггерлер, сүрөтчүлөр,
жазуучулар, сценаристтер жана башка авторлор менен таанышууга мүмкүнчүлүк
алышат. Мындан тышкары көрүүчүлөрдүн назарына музыкалык топтор менен
жамааттардын оюн-зооктору сунушталат. Быйылкы борбордун Comic Conдун негизги
коноктору - хедлайнерлер. Бул дүйнөлүк деңгээлдеги актёрлор, "Галактиканын
сакчылары" жылдыздары - Шон Ганн жана Майкл Рукер. Уюштуруучулардын
айтымында, жылдыздар алар менен жеке баарлашып, эстеликке кол тамга коюшат.
Шон Ганн, актер/АКШ:
-Салам Comic Con Astana 2023! Мен, Шон Ганн, быйыл фестивалга катышып жатканыма абдан кубанычтамын. Баарыңарды чыдамсыздык менен күтөм. Келиңиздер!
Майкл Рукер, актер/АКШ:
-Баарыңарга салам! Байланышта Майкл Рукер. Мен аяк оона айынын 15и 17си аралыгында Казакстандын кооз шаары Астанада өтө турган Comic Con фестивалына катышам. Баарыңарды аянтта күтөм!
Которгон: Илгиз Жамалбеков