2025 - жылы санариптик теңге ишке киргизилет

2025 - жылы санариптик теңге ишке киргизилет

Санариптик теңге интернет жок болгон учурда да транзакцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Улуттук төлөм корпорациясынын төрагасы Бинур Жаленов казак валютасынын накталай жана накталай эмес түрлөрүнөн тышкары түзүлгөн үчүнчү формасынын артыкчылыктарына токтолду. Анын айтымында, Улуттук банк транзакцияларды жүргүзүүдө операциялардын коопсуздугуна жана акча каражаттарынын сакталышына кепилдик берет. Санариптик төлөм инфраструктурасы заманбап технологияларга негизделген. «Акылдуу акча» - мамлекеттик каражаттарды чыгымдоонун натыйжалуулугун жогорулатууда да маанилуу роль ойнойт. Бюджеттик санариптик теңгенин атайын белгиси болот. Улуттук валютанын жаңы түрү POS-терминалдар, QR код, мобилдик банкинг тиркемелери жана биометрика аркылуу жеткиликтүү болот.

Бинур Жаленов, Улуттук төлөм корпорациясынын төрагасы:
- Санариптик теңгенин технологиясы 3G байланышы болбогон шартта дагы толугу менен оффлайн режиминде иштөөгө мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, каржылык операцияларды интернет болбогон кезде да жүргүзүүгө болот. Санариптик теңге анын платформасы «blockchain» технологиясынын негизинде иштелип чыккан. Бул бизге санариптик теңге платформасын башка блокчейндер менен интеграциялоого мүмкүндүк берет. Ошентип, борборлоштурулган төлөм жасоо үчүн салттуу каржы жана санариптик активдер системаларынын ортосунда «көпүрө» түзүлөт.

Бүгүнкү күндө санариптик теңге пилоттук режимде ишке ашырылууда. Долбоорду кийинки жылы кеңейтүү көздөлүп жатат. Муну менен катар, кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү менен ага жаңы катышуучуларды кошуу мерчемделүүдө. Жалпысынан санариптик теңгени ишке киргизүү 2025 - жылдын аягына чейин аяктайт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков