ӨКМга мобилдик тиркемелер киргизилүүдө

ӨКМга мобилдик тиркемелер киргизилүүдө

Жарандык коргонуу комитети жаңы электрондук кызмат түрү менен тааныштырды. Тиркемеде кырсык болгон учурда адамдарды чогултуу, эвакуациялоо бекеттери, сууга түшүүгө тыюу салынган жана уруксат берилген жерлер жөнүндө толук маалымат жүктөлгөн. Мындан тышкары, тиркеме жолдордун жабылышы же ачылуусу, сабактардын токтотулушу, бороон-чапкын жөнүндө эскертүү сыяктуу маалыматтарды жарыялап турат. Белгилей кетсек, аталган кызмат түрлөрү акысыз.

Бауыржан Сыздыков, ӨКМнин жарандык коргонуу комитетинин төрагасы:

- Мындан тышкары, бул Darmen тиркемеси Жарандык коргонуу колдонмосу менен бириктирилген. Ал сизге коопсуз саякаттарды жана жарандык коргонууну уюштуруу, өткөрүү эрежелери ошондой эле эскертмелер жана инструкциялар түрүндө таанышууга мүмкүндүк берет. Учурда платформаны колдонуу менен жарандарыбызга Darmen мобилдик тиркемесин өздөрүнүн жана жакындарынын уюлдук телефондоруна көчүрүп алууну сунуштайм.

Белгилей кетсек, бүгүн Бүткүл дүйнөлүк жарандык коргонуу күнү. Бул жолу иш-чаралар Тобокелдиктерди баалоодо маалыматтык технологиялардын ролу деген ураан астында өттү. Буга байланыштуу Казакстанда бир катар маанилүү иш-чаралар уюштурулду. Республика боюнча коңгуроо кагылып, аймактарда жарандык коргонуу техникасынын жана мүлкүнүн көргөзмөсү ачылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков