Казакстанда өскөн дары чөптөрдүн фитохимиялык анализин өнүктүрүү керек. Бул тууралуу ата мекендик окумуштуулар айтышты. Изилдөөчүлөрдүн маалыматтарына таянсак, биздин өлкөдө өскөн 6 миңден ашык чөптүн 726 түрү гана толук дарылык касиетке ээ экени далилденген. Тактап айтканда, зимзия, бөрү карагат, жапайы сорго сыяктуу дартка даба боло турган чөптөрдүн дарылык касиеттери толук аныктала элек. Мисалы, Кызылорда облусунда кызыл мыядан жүздөгөн түрдүү дарыларды алууга болот дешет адистер.
Калданай Каржан кызы, КазМУнун инженердик предметтер кафедрасынын башчысы:
Өсүмдүктөрдү системалуу түрдө изилдей турган болсок, азыр көпчүлүк учурда Казакстанда 6000ден ашык өсүмдүк болгон болсо, анын 726сы эндемикалык өсүмдүктөр деп айтылат. Эндемикалык өсүмдүктөр Казакстанда гана кездешет. Ошол 726 түрдү башынан аягына чейин изилдеп, алардан продукция алып, чет өлкөгө экспорттоо өтө чоң иш деп ойлойм.
Фармацевт Аргынбек Кабылкак бир нече жылдан бери өсүмдүктөрдүн сырын чечип, республиканын бардык аймактарын кыдырып келет. Маңгыстау, Атырау, Актөбө, Кызылорда облустарында рак ооруларын эмдей турган дары чөптөр көп деп айтылат. Окумуштуу бул өсүмдүктөрдү кол менен отургузуп, көбөйтүү керек деп эсептейт. Ал эми бул өлкөнүн фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болот.
Аргынбек Кабылкак, фармацевт-окумуштуу:
Шумгуянын Кытайда үч түрү бар болсо, Казакстанда 7ге жакын түрү бар. Адамдын денесиндеги күйүк жана үшүк тырыксыз, эч кандай аракетсиз эле жазылат, өсүмдүктөр тырык калтырбайт. Мен аларды ушул Казакстанда кантип өстүрсөм болот деген оюм бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков