Билимдүү жаштарды өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштөөгө үндөө. Бул Британияда билим алып жаткан казакстандык студенттер үчүн уюштурулган жарманкенин максаты. Мындай иш-чара бешинчи жыл катары менен өткөрулүп жатат. Анын жүрүшүндө жаштар республикада жайгашкан ата мекендик жана чет элдик алдыңкы компаниялардын өкүлдөрүнө түз суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Мындан тышкары, бош орундарга талапкерлерди аныктоо боюнча семинарлар, бизнес-оюндар жана диалогдор өткөрүлдү.
Ернар Райымхан, студент:
- Менимче, биздин жаштар өздөрүн каалаган жерде көрсөтө алышат. Бирок биз биринчи кезекте өлкөбүзгө, жерибизге, улутубузга керекпиз. Бүгүнкү жыйынга Казакстандын компаниялар тобу келип, өздөрүн тааныштырды. Биз керектүү маалыматтарды алдык.
Ричард Леджер, жумуш берүүчү компаниянын өкүлү:
- Студенттерге жол көрсөтүү жакшы. Университетти аяктаганыма 35 жыл болду. Мен да убагында ушундай колдоого муктаж болгом. Бакалавр жана аспиранттарга Казакстанда иштөө үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып берүү маанилүү. Биз бул жаатта так маалымат бере алдык деп ишенем.
Белгилей кетсек, жарманке Казакстандын элчилигинин колдоосу менен жаштардын өздөрү – UCL университетинин казак студенттеринин ассоциациясы жана Улуу Британиядагы докторанттардын ассоциациясы тарабынан уюштурулду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков