Түрк дүйнөсүнүн
уникалдуу мурастар долбоорлору биринчи жолу Өзбекстанда ЮНЕСКОнун Башкы
конференциясынын 43-сессиясынын аянтчасында тааныштырылды. Түрк маданияты жана
мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова катышуучуларга «Түрк дүйнөсүнүн
маданий коду» көп тилдүү каталогун жана «Түрк фольклорунун мурасы» көп томдук
антологиясын сунуштады. Ошондой эле Самарканд шаарында бештин айынын 15де
Бүткүл дүйнөлүк түрк тилдеринин күнү деп жарыялоого арналган иш-чара өттү. Бул
ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясынын резолюциясы менен бекитилген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

