Нургиса Тлендиевдин 100 жылдыгына карата иш-чараларды
быйыл ЮНЕСКОдо өткөрүү пландалууда. Казак композиторунун мааракеси эл аралык
уюмдун эскерүү даталарынын жылнаамасына кирди. Чечим ЮНЕСКОнун Башкы
конференциясынын 42-сессиясында кабыл алынды. Ал эми күзүндө уюмдун Париждеги штаб-кеңсесинде
концерт уюштурулуп, анда белгилүү казак музыканты менен композиторунун
музыкалык мурасы сунушталат. Белгилей кетсек, Нургиса Тлендиев ар түрдүү
жанрдагы 500дөн ашуун чыгарма жазган.
Аскар Абдрахманов, ЮНЕСКОнун Казакстандагы туруктуу
өкүлү:
- Ошол эле учурда Алматы шаарынын акимиатынын колдоосу менен эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фонду Нургиса Тлендиевдин мурасына арналган көргөзмө уюштурууну пландоодо. Көргөзмө ЮНЕСКОнун көрүүчүлөрүнө, бул жерде жашаган мекендештерге Нургиса Тлендиевдин өмүр жолу менен, ошондой эле салттуу музыкабыздын, фольклорубуздун жана заманбап музыканын ортосундагы терең байланыш менен таанышууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

