Казакстандагы белгилүү тарыхый эстелик Кожа Ахмед Ясауинин күмбөзү мамлекет тарабынан корголот. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы кол койду. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо алдында аны өзгөчө кайтарылууга тийиш болгон объекттердин тизмесине киргизүү чечими кабыл алынды. Андагы коопсуздукту ички иштер органдарынын тиешелүү бөлүмдөрү камсыздайт. Эскерте кетсек, аталган объект Ыйык Түркестанда жайгашкан. Кожа Ахмед Ясауинин күмбөзү ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген биринчи казакстандык объект болуп саналат жана орто кылымдагы архитектуранын уникалдуу эстеликтерине кирет.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков