Казакстандын борборунда «Astana Winner 2026» эл аралык
кинологиялык көргөзмөсү өттү. ЭКСПО көргөзмө борборунда ар кандай тукумдагы
400гө жакын ит көргөзмөгө коюлду. Иш-чаранын башкы
көңүлү өлкөнүн улуттук мурасынын бир бөлүгү болгон — казак тазысына бурулду.
Бул тукумдагы иттердин бирин Өскемендин тургуну, Тазы тукумунун улуттук
клубунун башчысы Елена Хардина алып келген. Анын Тамерлан аттуу ити эл аралык
көргөзмөлөрдүн көп жолку жеңүүчүсү.
Елена Хардина, Казакстан
кинологдор союзунун улуттук тайган пордалары клубунун президенти:
–
Таайган тукуму жүздөгөн, ал тургай миңдеген жылдарга созулган. Байыркы
замандан бери ал көчмөндөрдү ачкачылыктан сактап, карышкырлардан коргоп келген.
Бирок дүйнө бул порода жөнүндө билбегени өкүнүчтүү. Ошондуктан мен аны ар бир
көргөзмөдө көрсөтүүнү өзүмө максат кылып алдым.
Учурда Казакстандын бирдиктүү асыл тукум китебинде болжол
менен 4000 тайган ити катталган. Тукумдун санын көбөйтүү үчүн Кинологдор
биримдиги алыскы айылдарга барып, иттерди текшерүүдөн өткөрүшөт. Эгерде алар стандартка жооп берсе, документтерди толтуруп, аларды
реестрге кошушат. Бул иш породанын санын көбөйтүүгө гана жардам бербестен, анын
табигый сапаттарын да сактап калат.
Бауыржан Сериккали, Казакстан
кинологдор союзунун президенти:
– Биздин
асыл тукум тутумунда катталган иттерден туулган күчүктөрдүн саны биз үчүн абдан
маанилүү. Тайган күчүктөрүнүн саны сөзсүз түрдө өсүп жатат. Бул
тенденция байкалып турат. Бирок, айталы, 2023-жылы, биз бул глобалдык ишти
баштаганда, жылына 93 күчүк болгон. Ал эми 2025-жылга карата ал 411ге жетти.
Башкача айтканда, көрсөткүч төрт эседен ашык өстү деп айта алабыз.
Эске сала кетсек, жакында эле Казакстанда жаңы майрам белгиленди. Аяк оона айынын 3чү казак тайганы жана дөбөтү күнү деп жарыяланды. Эки жыл мурун бул порода расмий түрдө өлкөгө таандык деп бекитилген, эми адистерде аны биротоло таануу үчүн эл аралык документтерди даярдоого он жыл керектешет. Өткөн аптада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Эл аралык кинологиялык федерациянын башчысы Тамаш Яккель менен жолугушуп, Жетису аймагында жакында тайгандарды көбөйтүү жана илимий-кинологиялык колдоо боюнча улуттук борбор ачылаары белгиленди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

