«Бооруна тартуу» тасмасы Франция фестивалында атайын байгеге ээ болду

«Бооруна тартуу» тасмасы Франция фестивалында атайын байгеге ээ болду

Казакстандык тасмалар эл аралык аренада тааныла баштады. Режиссер Асхат Кучинчерековдун «бооруна тартуу» тасмасы Францияда өткөн фестивалда кайрадан жогору бааланды. Дүйнөлүк киноиндустриянын мыкты өкүлдөрү чогулган Cinema Heritage festivalінде тасма калыстар тобунун атайын сыйлыгына ээ болду. Уюштуруучулардын айтымында, тасма казак салттарын түшүнүүгө өбөлгө түзүп, маданий көп түрдүүлүктү колдоодо маанилүү роль ойнойт. Бул ЮНЕСКОнун ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Эскерте кетсек, буга чейин «бооруна тартуу», «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлгөн. Фестивалда жалпысынан 4 казакстандык тасма көпчүлүктүн назарына сунушталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков