Баш мээ жана простата рагынын эрте диагнозу. Бул
Астанадагы ядролук медицина борборунда казакстандык окумуштуулар иштеп жаткан
дары-дармектердин аркасында мүмкүн болот. Дары-дармектердеги радиоизотоптордун
минималдуу дозасы дарыгерлерге залалдуу шишикти убагында аныктоого жана
бейтапка туура дарылоону белгилөөгө жардам берет. Терапияны Президенттин Иш
башкармалыгынын медициналык борборунун ооруканасында жүргүзсө болот. Бул жерде
диагноздун эң алдыңкы комплекси келтирилген, анда бейтапка радиоактивдүү дары
сайылат жана андан ары бүт организмди текшерүү жүргүзүлөт.
Саябек Сахиев, Ядролук физика институтунун башкы мүдүрү:
- Атом энергиясын экономиканын ар кайсы тармактарында
колдонсо болот. Мисалы, рак ооруларын диагностикалоо жана дарылоо үчүн
өндүрүлгөн радиофармацевтика. Бул үчүн өлкөдө керектүү ресурстар бар. Ошол эле
радиоизотопторду өндүрүш үчүн чийки зат ресурстардын эсебинен гана эмес, биздин
өлкөдө чыгарган мындай жаңы технологиялардын эсебинен дүйнөлүк рынокко чыгуу
менен экономикага зор салым кошууга болот.
Белгилей кетсек, ядролук медицина борборунда 7 түрдүү
радиофармацевтика иштелип чыккан. жакынкы эки жылда дагы экөө түзүлүп, колдонула
баштайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков