Казакстан саламаттыкты сактоонун сапаты боюнча Орусия, Украина жана Беларусту артта калтырды

Казакстан саламаттыкты сактоонун сапаты боюнча Орусия, Украина жана Беларусту артта калтырды

Медицинада ким мыкты? Саламаттыкты сактоо тутумунун сапаты боюнча Казакстан Numbeo рейтингинде Орусия, Украина, Беларусь жана Азербайжандан алдыда. Анда Казакстан Республикасы 95 мамлекеттин ичинен 58-орунду ээлеген. Казакстандын индекси дээрлик 60 пайызды түзгөн.

Эске салсак, бул көрсөткүч 100гө жакындаганда, тигил же бул мамлекеттин саламаттыкты сактоо тутуму ошончолук жакшы деп эсептелет. Бул жерде адистердин, шаймандардын, кызматкерлердин, дарыгерлердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жана сапаттык көрсөткүчтөрү бааланат.

Айта кетсек, Тайвань, Түштүк Корея жана Франция тармактын мыктысы аталышкан. Акыркы сапка Венесуэла жайгашкан.

Саламаттыкты сактоо индекси боюнча өлкөлөрдүн рейтинги:

Тайвань – 86,38

Түштүк Корея – 82,36

Франция – 80,56

Жапония – 80,21

Дания – 79,79

Испания – 78,85

Австралия – 77,86

Таиланд -77, 68

Австрия -76,98

Финляндия – 76,19

Казакстан – 59,62

Орусия – 58,53

Украина – 53,70

Беларусь – 44,79

Азербайджан - 44,56

Венесуэла -39,48

Которгон: Илгиз Жамалбеков