Казакстанда 901 адам коронавирус жуктурду

Казакстанда 901 адам коронавирус жуктурду

Казакстанда өткөн суткада 901 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Нур-Султан COVID жуктуруп алгандардын саны боюнча лидер. Борбор калаада 136 адам илдетке чалдыккан. Андан кийин 103 бейтапта диагноз аныкталган Алматы жана Павлодар облустары турат. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 205 миңден ашты.

Жалпы коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны: 205 миң 825 

Нур-Султан шаарында -24224 (+136),

Алматы калаасында - 24044 (+103),

Чыгыш Казакстан облусунда - 21453 (+61),

Атырау облусунда - 16848 (+39),

Павлодар облусунда - 16728 (+103),

Караганды облусунда - 14960 (+57),

Акмола облусунда - 12946 (+86),

Батыш Казакстан облусунда - 12412 (+83),

Түндүк Казакстан облусунда - 11993 (+39),

Костанай облусунда - 11714 (+69),

Алматы облусунда - 10334 (+57),

Шымкент шаарында -6040 (+10),

Жамбыл облусунда - 5807 (+14),

Түркестан аймагында - 4233 (+2),

Маңгыстау облусунда - 4179 (+5),

Актөбе облусунда - 4151 (+20)

Кызылорда облусунда - 3759 (+17)

Белгилей кетсек, өткөн суткада коронавирустан сакайгандардын саны илдетти жуктургандарга караганда көп болду. Бир күндө 1144 адам коронавирус инфекциясынан айгып чыккан. Өлкө боюнча инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 189 миңден ашты.