Казакстан аймагында эпидемиялык абал начарлады

Казакстан аймагында эпидемиялык абал начарлады

Казакстанда коронавирустун жайылышынан улам эпидемиялык абал начарлап кетти. Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, бул омикрон штаммынын жайылышына байланыштуу. Акмола облусунда үч миң резервдик керебет даярдалды. Жугуштуу оорулар ооруканаларында дары-дармектердин негизги фондусунан тышкары 50 миллион теңгеге жакын дары-дармектер бар. Караганды облусунда 400гө жакын адам ооруканада жатат. Алардын 20дан ашыгы жандандыруу бөлүмүндө. Алардын экөөсү өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Мангыстау облусундагы ооруканада керебеттердин үчтөн бири бош эмес. Бүгүнкү күндө илдетке чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Актау шаарында топтолгон. Атырауда да эпидемиологиялык абал начарлап баратат. Аймакта карантиндик чаралар күчөтүлдү. Актөбө, Кызылорда жана Түркстан облустарында инфекцияны жуктуруп алгандардын саны көбөйгөн. Дарыгерлер эмдөө кооптуу илдет менен күрөшүүнүн бирден-бир жолу экенин эскертишет.

Алтын Досанова, облусттук Коомдук саламаттыкты сактоо башкарма башчысынын орун басары:

- Түркстан облусуна 1 миллион 046 миң доза вакцина жеткирилди. Бир компонент вакцинаны алгандар 99% түзөт. Башкача айтканда, биринчи компонент менен 1 044 764 адам камтылган. Экинчи этап боюнча 1 миллион 029 миң 131 адам, же 98,4%. Бүгүнкү күндө үч компонент менен 40 миң 952 адам толук эмедилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков