Казакстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны кескин өстү

Казакстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны кескин өстү

Коронавирустун жугуу учурларынын кескин өсүшү Алматыда катталды. Мегаполисте акыркы 24 саатта 993 оору жугуу учуру аныкталды. Бирок андан көбүрөөк суткалык өсүш мурдагыдай эле борбор шаарда байкалууда – кечээтен бери Нур-Султанда 1 369 киши оору жугузган. Андан кийинки орунда Караганды облусу турат – ал жакта 698 оору жугуу учуру катталды. Өткөн сутка ичинде жалпы Казакстанда ковид жугузган 5 708 учур каттоого алынган.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө оору жугузгандардын саны 510 миң кишиге жакындады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда 67 миңден ашык казакстандыктар коронавируска каршы дарыланууну улантууда. 20 миң жарым бейтап стационарларда дарыланып жатат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата 5 миллиондон ашык адам вакцинанын биринчи компоненти менен эмделген. Ал эми 2 миллион 992 миң 214 киши толук эмдөөдөн өттү.