Өзөктүк, радиациялык коопсуздук деңгээлин жогорулатуу жана эл аралык келишимдердин сакталышын камсыз кылуу. Бул максатта мажилис жыйынында атом энергиясын пайдалануу маселелерине байланыштуу мыйзам долбоору каралды. Жумушчу топ колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Анын ичинде өлкөнүн ушул багыттагы мыйзам талаптарынын бузулушун аныктоо, атомдук объекттер менен иш алып барган субъекттерди текшерүү, ошондой эле атомдук энергиясын пайдалануу жаатындагы ишмердүүлүктү лицензиялоо маселелери бар.
ЯДРОЛУК КЫРСЫК УЧУРУНДАГЫ ӨЗ АРА ЖАРДАМДАШУУ: МАЖИЛИС ЖАҢЫ КЕЛИШИМДИ КАБЫЛ АЛДЫ
Өзөктүк авария болгон учурда КМШ өлкөлөрү ортосунда тез жардамды ыкчам сунуштоо тартиби аныкталды. Мажилистин жалпы жыйынында депутаттар «КМШга мүчө мамлекеттердин өзөктүк кырсыкка же радиациялык авариянын пайда болуу шартына даярдыкты жана алардын кесепеттерин жоюу кезиндеги өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырышты. Аталган келишимди ратификациялоо өзөктүк авария же радиациялык авариялык абалга кабылган учурда КМШга мүчө мамлекеттер ортосунда маалымат жана жардамды ыкчамдатууну сунуштоого мүмкүнүлүк берет. Эске сала кетсек, мындан эки жыл мурун КМШ экономикалык кеңешинин отурумунда кабыл алынган шартка Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу мамлекеттер катышат.
НУРЛАН НОГАЕВ, КАЗАКСТАНДЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРИ:
- Макулдашуу өзөктүк кырсыкка же радиациялык аварияга учураганда аталган структуралардын техникалык жабдуулары үчүн колдонулган адистештирилген куткаруу түзүмдөрүнүн, адистердин, жабдуулардын, транспорт каражаттарынын жана материалдардын чек арадан өтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет.