XII Жарандык форум Астанада болду

XII Жарандык форум Астанада болду

Астанада Казакстандын XII Жарандык форуму болуп өттү. Форумга мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын, бизнестин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Катышуучулар азыркы дүйнөдөгү жарандык коомду өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулашты. Спикерлер республикада 18 миң бейөкмөт уюм иштеп жатканын, алар бардык тармактарда көрсөтүлгөнүн баса белгилешти. Форумдун алкагында Коомдук кеңештердин ишмердүүлүгү да талкууланды. Өлкөдө алардын саны 260тан ашык, ал эми курамында 4 миңден ашык казакстандык бар. Акыркы үч жылда эле алар социалдык коргоодон жана экологиядан баштап санариптештирүүгө жана укуктук агартууга чейинки тогуз миңге жакын долбоорду карап чыгышты. Коомдук кеңештердин ишинин аркасында казакстандыктардын пикири жана аймактык демилгелер республикалык деңгээлде колдоо табат. Жарандык форумдун аянтында 20дан ашык талкуу аянтчасы уюштурулду. Алардын бири өлкөнүн эл аралык уюмдар менен өнөктөштүгүнө арналган. БУУ өкүлдөрү өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, калк менен кантип иштешерин жана жер-жерлерде өзгөрүүлөргө кантип жетишерин айтып беришти.


Сарангоо Раднаарагчаа, Казакстан республикасындагы БУУнун туруктуу координатору:


- Бириккен Улуттар Уюму менен жарандык коом уюмдарынын ортосундагы кызматташтыктын өсүп, биргелешип иштөө мүмкүнчүлүктөрү көбөйүп жатканын байкап жатабыз. Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча жыйынтык чыгарууга беш жыл калды. Жарандык коом уюмдары Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн зарыл болгондуктан, аларды жергиликтүү деңгээлде чечимдерди ишке ашырууга тартуу керек. Алар бул процессте маанилүү роль ойношот.


Йоханнес Баур, Европа Биримдигинин Казакстандагы делегациясынын кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси:


- Европа Биримдиги Казакстанда ишин улантууда. Бизде дагы чоң долбоор бар, аймактык, Борбор Азия боюнча БУУлар боюнча. Биз албетте, жарандык сектордун өнүгүүсү бар деп ойлойбуз. Бул Казакстанда жергиликтүү деңгээлде өзүн-өзү башкарууну чыңдоо контекстинде өзгөчө маанилүү. Бир нече жыл мурун башталган реформалар, бул биз колдой турган абдан маанилүү өнүгүү. Биз 13 уюмду колдойбуз. Бул болжол менен 5 миллион евро. Анан бизде аймактык долбоор бар, бул дагы 40,5 миллион евро.

Которгон: Илгиз Жамалбеков