Түркестанда улттук курултайга даярдык башталды

Түркестанда улттук курултайга даярдык башталды

Түркестанда Улуттук курултайдын кийинки жолугушуусун өткөрүүгө даярдыктар башталды. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин облуска жасаган иш сапарынын алкагында аталган иш-чара ыйык жерде өтөөрү белгилүү болгон. Президент бул жерде казак эли үчүн көптөгөн маанилүү чечимдер кабыл алынганын белгилеген. Касым-Жомар Токаевдин сунушуна ылайык, Түркестанга руханий жана тарыхый борбор статусун берүү пландалууда.

Дархан Сатыбалды, Түркестан облусунун акими:

Түркестандын өзгөчө статуска ээ болушунун себеби бар. Анткени байыркы шаардын тарыхы абдан терең. Ал Орто Азия жана Туран талаасы деп аталат. Бул аймактагы эң байыркы шаарлардын бири. Ошондуктан мамлекет башчыбыздын сунуштары жана тапшырмалары Түркестан аймагынын өнүгүшүнө жол ачары талашсыз. Ал өз кезегинде биздин өнүгүүбүзгө түрткү болот.

Акыркы 4 жылда Түркестан облусуна инвестициянын көлөмү 8 эсе өстү. 2019-жылдан бери аймакка 2 миллионго жакын турист келген. Белгилей кетсек, облустун өнөр жайынын жана айыл чарбасынын көлөмү үч жылда 1,5 эсеге өскөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков