Казакстанда туристтердин арыз жана сунуштары үчүн сайт иштелип чыкты

Казакстанда туристтердин арыз жана сунуштары үчүн сайт иштелип чыкты

Эми өлкөнүн ар бир жараны жана келген меймандар Казакстандын туристтик кызматтарынын сапатын жакшыртууга өз салымын кошо алат. Бул үчүн саякатчылар өз сунуштарын же арыздарын атайын Shagym.kz сайтына калтыруулары керек. Санариптик модуль E-tourism системасына тиркелип,тармактын объектилеринин,туристтик компаниялардын, гид, жол жээктериндеги жана башка кызматтардын ишин балоо үчүн иштелип чыккан.  Турист болгону сайтка кирип анкета толтуруп,  далил катары фото сүрөттөрдү тиркеши керек болот. Алынган маалыматтарды система өз алдынча текшерип чыгат. Бардык кайрылуулар — сунуш, пикирлер же колдонуучулардын даттануулары милдеттүү түрдө мамлекеттик органдар,акимчиликтер жана бизнес тарабынан каралып чыгат - дешет «Казак туризм» компаниясынан.

Талгат Аманбаев, «Казак туризм» ҮК АК башкармылыгынын төрагасы:

- Shagym.kz сайтына кирип эмне боюнча арыз, кайрылуу калтыргыңыз келсе тандап туруп, далил катары сүрөттөрдү салып койсоңуздар дагы болот.  Система автоматтык түрдө өзү иргеп, бөлүштүрүп алат. Мисалы Алматы же Шымкент транспорттук  компаниясы кайрылуулардын санын эсептеп чогултат дагы, биз өз кезегинде ошол аймак боюнча жыйын өткөрүп,  мисалы Шымкенттин акимчилигине жол боюнча  154 кайрылуу келип түштү деп, дароо фото далилдери менен көрсөтөбүз. Бул биз үчүн кошумча тастыктама болот.

 

Которгон: Назира Бегалиева