Вьетнам жалган куран айынын 15нен тарта чет элдик туристтерге коюлган дээрлик бардык чектөөлөрдү алып салууга ниеттенүүдө. Ошентип, саякатчылар учуп кетер алдында ПЧР-тестинен өтүшү керек жана өлкөгө келгенден кийин бир күн карантинде болуш шарт. Бирок эмдөө аныктамасын көрсөтүү күчүндө калат. Эске сала кетсек, Вьетнам өткөн жылдын жетинин айынан бери пилоттук программанын жана карантиндик чектөөлөрдү жеңилдетүү саясатынын алкагында туристтерге атайын курортторго барууга уруксат берген. Белгилей кетсек, чектөө чараларын жеңилдетүү боюнча жаңы долбоор өлкөдө коронавирустун жайылышы учурунда пайда болгон. Мында өткөн аптада эле биринчи жолу 30 миңден ашуун бейтап катталды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков