Бельгиялык студент казак тилин өз алдынча үйрөнгөн

Бельгиялык студент казак тилин өз алдынча үйрөнгөн

Бельгиялык Стейн Ромбоут төрт жылдан бери эч кандай курстарга барбай эле өз алдынча казак тилин үйрөнүп келет. 2018-жылы апасы менен Казакстандын түштүгүнө турист катары келип кеткен. Жергиликтүү тургундардын меймандостугуна суктанган бельгиялык, казак тилин үйрөнүүнү алдына максат кылып койгон. Азыр жаш жигит тил үйрөнүүдө бир топ ийгиликтерге жетишти. Казак тилинде эркин сүйлөп, өз оюн айта алат.

Стейн Ромбоут, студент:

Башында мен казакчаны Youtube видеолорунан окудум, бирок жеңил сөздөрдү гана үйрөндүм: салам, кандайсың деген сыяктуу сөздөрдү. Бирок кийин казакчаны жакшыраак үйрөнгүм келди. Ошондуктан казак тили окуу китебин колдондум. Китептин аты " Colloquial Kazakh " англис тилинде жазылганы менен казак грамматикасын абдан жакшы түшүндүрөт.

Айтмакчы, жаңы сөздөрдү жаттап алууну оңой жана ыңгайлуу кылуу үчүн Стейн уюлдук телефонуна атайын сөздүк түзгөн. Ал жерге татаал, туруктуу сөз айкаштарын терип жазат. Бүгүнкү күндө эки жарым миңдей казакча сөз жыйналды.

Стейн Ромбоут, студент:

Мен Казакстанды, анын маданияты жана ашканасы жөнүндө көбүрөөк билгим келет. Бирок Бельгияда менин бир гана казак досум бар. Ал менин университетимде окуйт, мен аны менен бир нече күн мурун таанышкам.

Стейн Ромбоут, студент:

Казакстанга баруу менин тандоом. Бул жерде көп адамдар университеттен кийин Испанияга же Италияга барууну каалашат. Бирок мен Европадагы көпчүлүккө али жакшы тааныла элек өзгөчө өлкөгө баргым келет.

Казакстанга дагы бир жолу келүү, тилди толук үйрөнүүгө жардам берет, дейт Стейн. Ал казак элинин меймандостугунан, укмуштуудай жаратылыштын кооздугунан толук ырахат алуу үчүн өлкөдө жок дегенде бир жыл болууну кыялданат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков