Маданият жана спорт министрлиги чыгармачыл кызматкерлердин айлыгын көтөрүүнү убада кылды. Кеңейтилген коллегияда жооптуу тармактын башчысы Даурен Абаев маданият уюмдарынын кызматкерлерине кошумча сыйлыктарды иштеп чыгуу боюнча айтып берди. Анын ичинде бардык кызматкерлер эмес, «Улуттук» макамы бар мекемелердин кызматкерлерине. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республика боюнча бул жаатта 7637 объект иштейт. Бирок министр азыркы учурда бери дегенде мындай үч жүздөй мекеме ачуу керектигин айтты. Аталган мекемелердин жетишсиздиги негизинен айыл жеринде байкалат. Министрдин айтымында, чыгармачыл тармакты камтыган ЖОЖдордун профессорлор-окутуучулары менен концертмейстерлеринин айлык акысынын аздыгы да өзгөртүүнү талап кылат.
Даурен Абаев, Казакстандын Маданият жана спорт министри:
Мен бул маселени жеке көзөмөлгө алгым келет. Эмнеге? Анткени, соңку кездери мен билген мугалимдердин көбү ал тургай эң оор учур, 90-жылдары да кесибин таштап кетишкен эмес жана алардын аркасы менен маданият, искусстводо муундар ортосунда үзгүлтүк болгон жок.
Даурен Абаевдин айтымында, жалпысынан министрликте Билим берүү министрлиги менен да чек ара маселеси бар. Сөз биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, ЖОЖдорго, колледждерге, мектептерге чыгармачылык чөйрөдөгү айрым эрежелерди тууралоо зарылчылыгы жөнүндө болуп жатат. Жакынкы арада адистер биргелешкен жыйында карала турган актуалдуу маселелердин тизмесин түзүшөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков