Жасалма
интеллект АЭКБнын
сотунда эл аралык коммерциялык талаштарды чечүүдө жана арбитраждык процесстерде
активдүү колдонулат. Жаңы система Астанада тааныштырылды. Технология
отурумдарды дээрлик жүз пайыздык тактык менен чечмелөөнү жана орус, англис тилдерине
автоматтык түрдө которууну камсыздайт. Мындай курал иштерди кароонун ачыктыгын
жана натыйжалуулугун жогорулатат, ошондой эле далилдерди фиксациялоону
тездетет.
Кристофер Кэмпбелл-Холт, АЭКБынын
жана ЭАБ сотунун катчысы жана аппаратынын жетекчиси:
- Бул
технология Казакстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга олуттуу салым
кошот, анткени ал далилдерди каттоо жана соттук отурумдардын протоколдорун
жүргүзүү сапатын кыйла жакшыртат. Юристтер менен судьялар анын
мүмкүнчүлүктөрүнө таасирленип, инвесторлор Казакстанды тартымдуу багыт катары
карай берет деп ишенем. Жана менин оюмча, соттор менен арбитраждардын арасында
жасалма интеллект технологияларын колдонуу жагынан дүйнөлүк лидерлердин бирибиз.
Анын ичинен АЭКБ, ЭАБ соту.
Дагы бир санариптик жаңылык - Legal Tech Lab. Бул -
Астана Эл аралык каржы борборунун сотунун, Эл аралык арбитраждык борборунун,
Maqsut Narikbayev University, Astana IT University жана Кытайдын Саясий илимдер
жана укук университетинин биргелешкен долбоору. Жаңы платформа юридикалык
документтерди даярдоо, арбитраждык жана башка процедураларды колдоо үчүн жасалма
интеллект чечимдерин иштеп чыгат. Бул тууралуу укуктук технологиялар жана
жасалма интеллект боюнча дүйнөнүн алдыңкы адистеринин жана серепчилеринин
катышуусундагы форумдун аянтчасында айтылды. Адистер жасалма интеллект
технологиялары бүгүнкү күндө дүйнөлүк сот практикасынын маанилүү бөлүгү болуп
баратканын, ал эми жаңы AI чечимдери аймактагы коммерциялык арбитраждын сапатын
жакшыртаарын баса белгилешти.
Сергей Пен, Mnu башкармалыгынын
илим, инновациялар жана жасалма интеллект боюнча орун басары:
- Биз
машиналык окутуу жөнүндө сөз кылганда Экономикалык институттардын биригүүсү
технологиялык чөйрөгө экспертиза алып келет. Мында адвокат сыяктуу чечимге жол
табууну үйрөнүүсү үчүн, жасалма интеллект моделин окутуунун таптакыр жаңы
түзүмүн түзүү жөнүндө сөз болуп жатат. Биздин максатыбыз – Казакстанга
технологиялык өнүгүүнүн кийинки баскычына, айрыкча юридикалык технологиялар
тармагына өтүүгө жардам бере турган салым кошуу болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

