Кувейттик саякатчы-блогер эгер аларга өлкөнүн кооз жерлери тууралуу маалымат өз эне тилинде берилсе, алардын кызыгуусу ого бетер артаарына ишенет. Ошондуктан атайын тиркеме жасоого бел байлаган. Жергиликтүү адистер бул ниетти кубаттап, колдон келишинче жардам көрсөтүүгө даяр. Халид Альмутари буга чейин өлкөнүн шаарлары, тарыхый-маданий эстеликтери жана жаратылыш коруктары тууралуу билим берүүчү китеп жазган. Казакстан тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири болгондуктан, азыркы тенденцияларга ылайык жаңыланган жаңы санариптик маалымат булагын түзүү зарыл. “KazGo – Казакстан арабдардын көзү менен” аттуу платформасы чет элдиктердин республика аймагындагы саякаттарын натыйжалуу кылууга багытталган. Мобилдик тиркеме араб тилинде гана эмес, башка дүйнөлүк тилдерде да жеткиликтүү болот.
Халид Альмутаири, Тревел-блогер/Кувейт/:
- Казакстанда көрүүгө татыктуу жерлер көп. Чет элдиктер, өзгөчө араб тилдүү жарандар ушундай бейиштей жерди билип, Алматы, Астана шаарлары менен таанышса дейм. Мен Казакстанга биринчи жолу 2019-жылы кадам таштагам. Бирок ага чейин өлкөнүн кооз жерлери, тарыхый эстеликтери тууралуу укканым болбосо, маалыматым аз болчу. . Ошондон бери араб өлкөлөрүнүн жарандары үчүн атайын тиркемени түзө баштадым. Мындай кереметти көрбөй коюу мүмкүн эмес. Аны сөз менен жеткирүү кыйын. Мени Улуу талааны көрүү бактысы буйруган адамдар гана жакшы түшүнөт деп ойлойм.
Мамлекет тарабынан араб өлкөлөрүнөн туристтерди тартуу боюнча комплекстүү чаралар көрүлгөн.
Айдана Жезмурзина, инвестицияларды тартуу жана өнүктүрүү башкармасынын башкы серепчиси:
- Араб өлкөлөрүнөн Казакстанга туристтерди тартууга багытталган атайын план бар. Маселен, үстүбүздөгү жылдын бирдин айынан тарта Казакстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда түз каттамдар көбөйдү. Мындан тышкары, аймактагы эл аралык көргөзмөлөргө жигердүү катышып, чет элдиктердин өлкөгө болгон кызыгуусун арттыруу максатында маалыматтык турларды уюштуруп келебиз. Ушул айдын аягында Эр-Риядда жана Дохада казакстандык туроператорлор жана жергиликтүү өнөр жай адистеринин катышуусунда B2B жолугушуулары өткөрүлөт.
Эл аралык Zawya бизнес-басылмасы араб өлкөлөрүнөн келген туристтердин казак тарапка болгон кызыгуусу жана суроо-талаптары кыйла өскөнүн билдирди. Басылма бул позитивдүү тенденцияны атамекендик туристтик компаниялар жакында Дубайда өткөн Arabian Travel Market эл аралык көргөзмөсүндө өлкөнүн дараметин көрсөтүп, бир катар келишимдерди утуп алганы менен байланыштырат. Кошумчалай кетсек, иш-чаранын алкагында Казакстан Жакынкы Чыгыш саякатчылары үчүн эң жагымдуу багыт катары сыйлыкка ээ болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков