Казакстандын Көз карандысыздык күнүн майрамдоонун алдында «Туран» этно-фольклордук ансамбли Вашингтондо концерт койду. Бул топтун үстүбүздөгү жылдагы АКШга болгон экинчи сапары. Батыш элине маданияттын уникалдуулугун даңазалаган чыгармалар сунушталды. Американын тарыхый жерлеринин тизмесине кирген Лиснер аудиториясынын сахнасында казак опера ырчылары Айгерим Алтынбек менен Расул Жармагамбетов жана виртуоз пианист Дина Мирманова өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Наурыз Лестер
Челмэн, көрүүчү:
- Мен көптөн
бери казак маданий кечелерине катышып келем. Бүгүнкү иш-чара сонун болду. Мен
аягына чейин аткаруучулардын чеберчилигине суктанып отурдум.
Дэлонь Джудано,
көрүүчү:
- Мен бүгүн биринчи
жолу казактын бай маданий мурасы менен тааныштым. Өнөр ээлеринин чыгармачылык
чеберчилиги жан дүйнөмдү арбап алды. Керемет таасиримди сөз менен айтып жеткире
албайм.
Которгон Илгиз Жамалбеков