Бакуда казак боз үйү тигилди

Бакуда казак боз үйү тигилди

Баку шаарынын Приморье бульварында боз үй тигилди. Иш-чара Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата уюштурулду. Бул жерде баш оона айынын аягына чейин шаар тургундары жана коноктору эки көргөзмөгө күбө боло алышат. Алардын бири – өлкөнүн кооз жерлери – “Шымбулак” лыжа базасы, “Байкоңур” космодрому, “Кыран” шумкар борбору тууралуу маалымат камтылган туруктуу көргөзмө. Ал эми апта сайын өзгөрүп туруучу экспозицияда Алматы, Шымкент шаарларынын жана Алматы, Түркстан, Маңгыстау облустарынын туристтик жетишкендиктери көрсөтүлөт. Ачык асман алдында концерттер, оюн-зоок иш-чаралары уюштурулат. Мындан тышкары келген коноктор Улуу Талаа өлкөсүнүн улуттук тамак-аштарынан даам татып, байыркы көчмөндөрдүн жашоосу менен тааныша алышат.

Александр Акназаров, «Welcome to KZ» долбоорунун жетекчиси:

–  Бир айдын ичинде өлкөнүн бардык аймактарынан кол өнөрчүлөр, сүрөтчүлөр, туроператорлор, турагенттер келишет. Андан сырткары, туристтерди алып келебиз. Пандемиядан, узакка созулган тыныгуудан кийин биз сиздердин элиңиздерге бир тууган Казакстан эли бар экенин эске салгыбыз келет.

Элнур Алиев, Азербайжан маданият министриинин биринчи орун басары:

– Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата көптөгөн иш-чаралар пландалган. Ал эми казак боз үйүнүн тигилиши биз үчүн маанилүү. Бул эки өлкөнүн маданияты менен салтынын окшоштугунун далили. Ошондой эле, салтыбызга бекем экенибизди далилдейт. Биз дипломатиялык гана мамиле түзбөстөн, маданий кызматташтыкты дагы сындайбыз. Ага эки өлкөнүн тең дарамети жетиштүү.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков