Францияда «Казак талаасы цивилизациясынын маданий коду» аттуу көргөзмө өтөт. Европага чет элдик көрүүчүлөргө буга чейин сунушталбаган байыркы тарыхый жана уникалдуу маданий мурастар жеткирилет. Улуттук экспозиция Гиме атындагы Чыгыш искусство музейинде өтөт. Казакстандын көргөзмөсүн өткөрүү боюнча алдын ала макулдашуу Маданият жана маалымат министри Аида Балаеванын Франциядагы Гиме музейинин президенти Янник Линц менен болгон жолугушуусунда жетишилди. Бул жаатта атактуу Гиме музейинде Азия искусствосунун дүйнөдөгү эң толук жана Европадагы эң чоң коллекциясы бар экенин белгилей кетүү керек.
Янник Линц, Гиме музейинин президенти:
- Европада, өзгөчө Францияда Улуу
Жибек жолунун бир бөлүгү болгон дүйнөлүк аймактын маанисин азыр көп адамдар жакшы
түшүнөт. Чыгыш менен Батыштын, Түндүк менен Түштүктүн ортосунда маданияттар
кандай болгонун да билебиз. Азыркы дүйнөдө маданияттар бириккен аймакты көпчүлүккө
көрсөтө билүү абдан маанилүү. Биздин фондубузда Казакстандан келген бир нече
экспонаттар бар. Бирок коомчулуктун кызыгуусун эске алып, биздин музей казак
маданиятын, тарыхын баяндаган маанилүү экспонаттарды көбүрөөк тартуулагысы келгенин
айткым келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков