Кымыз куйган робот

Кымыз куйган робот

Ага ден соолук берүүчү Асылбек деген ысым да коюлган. Жаш окумуштуу бул долбоорду ишке ашырууга бир жыл убакыт кеткенин айтат. Долбоордун автору менен кабарчыбыз таанышып кайтты.

Жансултан Төребек бул роботту жасоо үчүн көптөн бери изденип жүргөн. Ал тургай классташтарынан сурамжылоо жүргүзгөн.

Жансултан Төребек, окуучу:

- Бул идеяны табууга бир айга жакын убакыт кетти. Анан мен сурамжылоо жүргүздүм. Кофеиндүү суусундуктарды кант менен алмаштырса болобу деген суроого классташтарымдын 70 пайызы ооба деп жооп беришкен. Ушундай робот жасоого эмнеге болбосун деп ойлодум.

Бул долбоор улуттук суусундукту даңазалагандыктан, окуучу менен мугалим “Асылбектин” улуттук кийимде болгону туура деп эсептешкен. Атайын желим картаны жакындатканда робот сүйлөй баштайт. Кымыздын дарылык касиети жөнүндө кыскача маалымат бергенден кийин, идишке суусунду кандырган пайдалуу суусундукту куят.

Уникалдуу долбоор райондук, облусттук деңгээлде илимий мелдештерде байгелүү болду.

Лаура Жаксыбекова, Ч. Валиханов атындагы №2 жалпы орто мектебинин мугалими:

- Биз долбоорду жайдын күнүндө баштадык. Аны өнүктүрүп, райондо өткөрүлгөн илимий долбоор сынагына катыштык. Ал жакта жеңишке жетип, облустук деңгээлдеги сынактын эки баскычынан тең байгелүү болуп кайттык. Эми иш республикалык баалоо комиссиясына өткөрүлүп берилди.

Жансултан классындагы мыкты окуучулардын бири. Келечекте ал айти адиси болууну кыялданат. Алдыда боло турган республикалык сынакта байгелүү орунга жетерине ишенет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков