Анадолудан Улуу Талаанын төрүнө! Дал ушундай аталыш менен
Астананын тургундарына кылымдардан бери мурас болуп келе жаткан Осмон ордосунун
өзгөчө даамы сунушталды. Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдогандын демилгеси
менен эл аралык деңгээлде уюштурулган бул иш-чара жыл сайын бугу айында өтөт. Аш
тизмени 3 мишлен жылдызы бар ашпозчу даярдаган.
Тамак-аштын 9 түрү сунушталды. Чогулгандар
таруу жана балмуздак кошулган казактын үлгүсүндөгү пахлаванын тааныштыруусуна
күбө болушту. Казак-түрк маданий байланыштары жылдан жылга чыңдалууда. Мунун аркасында эки өлкөнүн
ашканасы көпчүлүктүн
кызыгуусун жаратып, баалуулуктарды жайылтууга салым кошууда. Биргелешкен
долбоорлор да ишке ашырылмакчы.
Мустафа
Капуджу, Түркиянын Казакстандагы элчиси:
- Биз алдыдагы убакытта ишкерлер
менен биргеликте казак жана түрк ашканасынын окшоштуктары менен
айырмачылыктарын көрсөтө турган программа иштеп чыгууну пландап жатабыз. Тартуу
иштери Бурабайда өтөт. Ушундай жол менен
Казакстандын жаратылышынын кооздугун да көрсөтөбүз. Туризм жана гастрономияны
айкалыштыруу менен биз маданий баалуулуктарыбызды жайылтабыз. Ошондой эле,
бири-бирибизди жакындан тааныйбыз.
Жанар Нүгыманова, Иш-чаранын
катышуучусу:
- Үй-бүлөлүк атмосфера. Мага
өзгөчө жакты. Осмон империясынын эң сүйүктүү суусундугу - түрк шербетинен даам
таттык. Уюштуруучуларга чоң рахмат. Баары даамдуу болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

