Казакстандын демилгеси менен дүйнө элдери чогуу белгилей турган жаңы майрам пайда болду. Метрология күнү БУУнун эл аралык макамын алды. Казакстан демилгелеген резолюцияны Парижде өткөн ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясынын Табигый илимдер боюнча комиссиясы бир добуштан кабыл алды. Эскерте кетсек, метрологдордун кесиптик майрамы жыл сайын бугу айынын 20да белгиленет. Ошондой эле, ал дүйнөлүк колдонуудагы эң эски эл аралык келишимдердин бири деп эсептелген 1875-жылдагы Париж Метр конвенциясынын кабыл алынышына арналган. Аталган келишимдердин бири ар кайсы өлкөлөрдө метрологиялык биримдикти камсыз кылууга багытталган. Казакстандын ЮНЕСКОдогу Туруктуу өкүлү Аскар Абдрахманов белгилегендей, мындай чечим аталган тармактын жогорку беделин мындан ары бекемдеп, бүткүл дүйнөдө метрологияны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө кошумча көңүл бурдурат. Белгилей кетсек, резолюциянын авторлоштору эл аралык уюмга мүчө 43 мамлекет болду.
Аскар Абдрахманов, Казакстандын
ЮНЕСКО алдындагы өкүлү:
- Биз Казакстанда быйыл өлкөдөгү алгачкы
метрологиялык мекеменин 100 жылдыгын белгилеген жана бул илимди улуттук,
аймактык, ошондой эле, глобалдык деңгээлде өнүктүрүүгө татыктуу салымын кошуп
келе жаткан метрологдордун мыкты кесипкөй коомчулугунун ишмердүүлүгү менен
сыймыктанабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков