Алматы облусунун белгилүү тоо багыттары картографиялык платформаларга
киргизилет. Аларды санарип системага келтирүү тоо кластерин өнүктүрүүгө
багытталган масштабдуу пландын бир бөлүгү. Анын алкагында облустун туристтик
багыттарын бириктирүүчү жаңы асма жолдорду куруу көздөлгөн. Мындан тышкары,
заманбап мейманканалар, глэмпинг зоналары жана жакшыртылган транспорт тармагы
пайда болот.
Айбол Муратхан, Алматы шаары туризм башкармасынын тоо
кластерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы менеджери:
- Биз тоодо жөө жүрүү багыттарын 2GIS, Яндекс сыяктуу
картографиялык платформаларга санариптештирүүнү пландап жатабыз. Чоң Алматы
капчыгайын тоо лыжа тебүү жана активдүү эс алуу борбору катары өнүктүрө турган
болсок, кичи Алматы капчыгайын тоо туризмине, экотуризмге жана маданий-агартуу
саякаттарга багыттап жатабыз. Пландын алкагында экологиялык тоо жолдорун
көрктөндүрүү, навигацияларды орнотуу жана эс алуучуларга ыңгайлуу шарттарды
түзүү каралууда.
Мындан тышкары, Казакстан чет мамлекеттер менен аба
каттамдарын жигердүү өнүктүрүүдө. Алматыдан Франкфурт, Шанхай, Гуанчжоу,
Мумбай, Нью-Йорк жана Токиого түз каттамдарды ачуу көздөлүүдө. Мунун баары
Алматынын туристтик кластерине чет элдик саякатчылардын агымын үч эсе көбөйтүп,
жылына 1,8 миллион адамга чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Экономикалык таасир да олуттуу сезилет.
Салыктык түшүүлөрдүн 90 миллиард теңгеден 184 миллиард теңгеге чейин өсүшү
күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

