Казакстандагы депозиттердин рекорду кайрадан жаңырды. Аманаттардын жалпы суммасы 28 триллион теңгеден ашты. Теке айында көрсөткүч болжол менен 3,3%га өскөн. Ошентип, жылдык өсүш 11%дан ашты. Мындай секирик теңге менен эсептелген долларлык депозиттерди кайра баалоого гана байланыштуу эмес - дешет серепчилер. Ошондой эле, улуттук валютадагы депозиттерге акчанын агымы байкалууда. Эске салсак, теке айынын аягында каржылык жөнгө салуучу базалык ченди 14,5%га чейин көтөргөн. Адис Андрей Чеботаревдин айтымында, базалык чендин жогору болушу экономиканын өсүшүнө тоскоолдук жаратууда.
Андрей Чеботарев, каржы серепчиси:
- Насыялык импульс толугу менен жок - деп айтууга болот. 20 пайыз менен насыя берүү үчүн бизнесте кандай айырма болушу керек? Учурда биздин экономикалык өсүш жеңилдетилген насыялардын эсебинен гана камсыздалууда. Калк үчүн көптөгөн программалар бар. Мисалы, 7-20-25 ипотека, жөнөкөйлөштүрүлгөн автонасыя жана ишкердикке арналган бизнестин жол картасы, жөнөкөй нерселердин экономикасы. Мунун баары инфляциядан, базалык көрсөткүчтөн 4, 6, 7 пайыздык чендер менен жүрөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков