Казакстандын маданият күндөрү алгач ирет Албанияда өттү

Казакстандын маданият күндөрү алгач ирет Албанияда өттү

Казакстандын маданият күндөрү биринчи жолу Албанияда өттү. Салтанаттуу концерт Тирананын борборунда орун алды. Музыкалык программага казак талаасынын элдик обондору да, заманбап эстрадалык чыгармалар да кирди. TURAN тобу көрүүчүлөрдү улуттук аспаптарда чеберчилик менен ойноп, байыркы көчмөн маданиятынын рухун жеткирип, таң калтырды. Казакстандын эң популярдуу аткаруучуларынын бири ADAM өзүнүн «Жүрөк» хитин аткарды, ал катуу кол чабуулар менен коштолду. Маданият күндөрүнүн алкагында казак фильмдеринин көрсөтүүсү да болду. Белгилей кетсек, Казакстандын Албаниядагы маданият күндөрүнүн өткөрүлүшү эки тараптуу гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн жаңы этабы болуп, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы маданий алмашуу жана достукту бекемдөө үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков